Таластын мэри Байышбек Астанакулов шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү – ИА Караван Инфо
Таластын мэри Байышбек Астанакулов шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү

Атап айтканда, таза суу көйгөйү, жолдордун абалы, тротуарлардын оңдолушу, балдар аянтчаларынын жетишсиздиги, жол белгилери сыяктуу маселелер талкууланды.

Жолугушууга шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери да катышып, тургундардын көйгөйлөрүнө жеринде жооп берүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйынтыгында мэр Б. Астанакулов көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтарга чечүү тапшырмасын берип, кээ бир суроолор боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганын жана мэриянын колдоосу көрсөтүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар мэр Байышбек Астанакуловдун катышуусунда белгиленген график боюнча үзгүлтүксүз өтүп турат.

error: