Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду – ИА Караван Инфо
Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызматтын ишке киргенин кабарлайт.

Эми тиркеме аркылуу:

1. Баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу.

2. Балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм – 170 сом).

Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, колдонуучулар “ЖААК документтерин санарипке өткөрүү” кызматын колдонуп, күбөлүктү санарипке өткөрө алышат.

error: