Жолугушуунун катышуучулары БРИКС өлкөлөрүнүн салык администрацияларынын туруктуу катчылыгын түзүү мүмкүнчүлүгүн колдошту. Бул перспектива 2025-жылы Бразилиянын БРИКСке төрагалыгынын алкагында талкууланат, деп жазат РБК.
“Бир жыл мурда Кейптаундагы ушундай эле жолугушууда катчылыкты түзүү зарылдыгы талкууга алынган болчу”, – деп белгиледи Индиянын Киреше кызматынын башчысы Санджай Малхотра.
«Биз аны түзүү идеясын дайыма колдоп келгенбиз. Бул практикалык иш үчүн өтө маанилүү нерсе деп эсептейбиз. Россия ротациялык катчылыкты түзүү боюнча ишти күчөтүүдө, биз буга абдан кубанычтабыз», – деди ал.
“Андан тышкары Москвадагы жолугушууда БРИКС өлкөлөрүнүн салык органдарынын форумун түзүү боюнча алкактык макулдашууга кол коюлду. Ал эксперттердин жана салык мекемелердин жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү жолугушууларын салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтордун үзгүлтүксүз ишмердүүлүгүнө алмаштырары күтүлүүдө. Ага кол коюу маанилүү, анткени келишим “биргелешкен долбоорлорду үзгүлтүксүз башкарууга негиз түзөт” деп түшүндүрдү Егоров өз сөзүндө.
“Биз тышкы соода алакаларынын өсүшүнүн жана чыңдалышынын объективдүү тенденцияларын, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашын көрүп жатабыз. Бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда бизнес жүргүзүү үчүн минималдуу чыгымдар менен натыйжалуу салыктык башкарууну камсыз кылган бирдиктүү чечимдерди табуу милдеттерин коет», – деди ал.
Россия тараптын сунушу боюнча жолугушуунун жүрүшүндө БРИКСтин салык кызматташтыгынын тарыхында биринчи жолу салыктык башкаруунун негизги багыттары – КНСти модернизациялоо, маалыматтарды алуу жана пайдалануу жана кадрдык практика боюнча жумушчу топтор түзүлдү, деп билдирди Федералдык салык кызматынын басма сөз кызматы.
“Мамлекеттик кирешелерди мобилизациялоо маселелери да күн тартибинде өтө курч бойдон турат” – деди Егоров.
Өкмөт салык системасынын “фискалдык жана стимулдаштыруучу” функцияларынын ортосундагы тең салмактуулукту, анын ичинде эл аралык мамилелердин контекстинде издейт. Келечекте БРИКСтин салык кызматтарынын жетекчилеринин форуму эл аралык актуалдуу маселелерди күн тартибине коюу жана эл аралык салык чараларына өз убагында реакция кылуу үчүн эл аралык аянтчаларга жакын болуу темаларына басым жасайт.
“Уюштуруу инфраструктурасынын жетишсиздиги учурда бул максатка жетишүүгө тоскоол болууда”, – деди Егоров.