Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогуна жолдомо алды – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогуна жолдомо алды

20 жашка чейинки жаштар арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япония менен беттешти.

Оюн 29-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. 

Беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, Кыргызстандын командасы турнирдик жадыбалда 7 упай менен 2-орунду ээледи. Жыйынтыгында курама команда Азия Кубогуна жолдомо алды.

Япония 7 упай менен 1-орунда, Түркмөнстан 3 упай менен 3-орунда, Мьянма 0 упай менен 4-орунда.

Белгилей кетсек, башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы команда Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курама командалары менен I тайпасына кирген.

Команда Мьянманы 2:0 эсебинде, ал эми Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңди.

Тандоо турнирине 10 тайпага бөлүнгөн 45 команда катышууда. Өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле 2-орунга ээ болгон алдыңкы 5 команда Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 6-23-февралында Кытайда өтөт.

error: