2024-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы эс алуучулардын саны 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2,8 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,8 млн. адам (1,6 эсеге көп) эс алган.
2023-жылы 600гө жакын эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, 78 турфирма жана туроператор, ошондой эле эс алуу мекемелеринин аймагында жана алардын аймагынан сырткары жайгашкан 1,5 миң конок үйлөру туристтерди кабыл алган жана тейлеген.
Көрсөтүлгөн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2023-жылы 1,6 миң эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, конок үйлөрү туристтерди кабыл алган жана тейлеген.
Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 556 миңге жакын адамды түзгөн, бул 2022-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көп. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун курорттук зонасынын уюштурулбаган секторунда (конок үйлөр жана үй чарбалар) 2023-жылы 1 млн. ашык адам эс алган же 1,3 эсеге көп.
2023-жылы туристтик фирмалар аркылуу 27 миңден ашык адам жөнөтүлгөн, алардын 36 пайызы башка өлкөлөргө барып эс алышса, 64 пайызы биздин республикабызда саякатташты.