Техниканы лизингге берүү долбоорлорунун ишке киришкен күндөн баштап, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпысынан 17,6 млрд сомго 6 миң 892 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген, анын ичинде 2024-жылы 3,8 млрд сомго 976 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикадагы бардык айыл чарба субъекттери өз техника паркын ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» кредиттик-лизингдик линиялары аркылуу мамлекеттик колдоонун эсебинен жеңилдетилген шарттарда толуктай алышат:
Кабыл алынган чаралардын натыйжасында Кытай, Япония гранттык каражаттары жана Түркия инвестициялык кредити жана башка донордук уюмдардын эсебинен ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдууларды лизингге каржылоо үчүн узак мөөнөттүү кредиттик ресурстар топтолгон.
ААК «Айыл Банкка» жана ААК «Элдик Банктарга» мамлекеттик колдоо линиясы боюнча лизингдик кызматтарды көбөйтүү үчүн кредиттик ресурстарды топтоо аркылуу акыркы жылдары лизингдик келишимдердин саны көбөйүп жатканын белгилеп кетүү керек. Банк кредиттеринин кайтарымдуулугу 99,6% түзүп, бул кредиттик ресурстарды пайдалануунун мыкты көрсөткүчү болуп, ишке ашырылып жаткан лизингдик долбоорлордун натыйжалуулугун көрсөтөт.