Эксперттер орусиялык өзөктүк отундун негизги импорттоочуларын атады
Өткөн жылы Америка Кошмо Штаттары жана Кытай Эл Республикасы орусиялык өзөктүк отундун негизги сатып алуучулары болушкан. 2024-жылы Кытай орусиялык уранды сатып алууну 32пайызга (457 тонна) кыскарткан.

АКШ өз кезегинде импортту 19пайызга (702 тоннага чейин) көбөйтүп, Кытайды сатып алуучулардын тизмесинде экинчи орунга жылдырды. Үчүнчү орунда Түштүк Корея 243 тонна уран импорттогон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп. Франция төртүнчү орунду ээлеп, импортту 29 пайызга (223 тоннага чейин), ал эми Казакстан импортту беш эсеге (168 тоннага чейин) көбөйтүп, бешинчи орунга чыкты.