Ал быйылкы жылы өлкөдө жемиштүү жылыштар болду деп эсептейт жана президентке караштуу климаттык кеңештин түзүлүшүн эң чоң жетишкендиктердин бири катары белгиледи.
“Биз климаттын өзгөрүүсүн тармактар аралык, мекемелер аралык мүнөзгө ээ экенин түшүнөбүз, алар өлкө жана өкмөт үчүн стратегиялык мааниге ээ. Климаттык кеңеш бардык министрликтердин жана мекемелердин күч-аракеттерин бириктирүүгө жол ачат. Анан, албетте, бизде адаптация маселелерин ар кандай өңүттөн кароого көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр жаралат”, – деп белгиледи ал.
Суна Парк климаттык кеңешти түзүүдөн тышкары, климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук борбордун иши да башталганын, ал өлкө боюнча климатка байланыштуу бардык иштерди координациялаганын кошумчалады. “Учурда олуттуу кадамдар жасалды: биз климаттын өзгөрүшү боюнча бирдиктүү улуттук саясатты иштеп чыктык жана кесепеттерди жумшартуу жана адаптациялоо боюнча бирдиктүү стратегия эмитен эле жолго салынды”, – деди Өзбекстандын өкүлү.