Кумтөрдө рудадагы алтындын аз өлчөмү дагы бир аз убакытка созулушу мүмкүн – ИА Караван Инфо
Кумтөрдө рудадагы алтындын аз өлчөмү дагы бир аз убакытка созулушу мүмкүн

Алтын казып алуунун көлөмүнүн мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болушу — рудадагы алтындын үлүшү төмөнкү өлчөмдө болушу менен шартталган. Мындай маалыматты “Кумтөр Голд Компанинин” басма сөз кызматы таратты. 

Билдирүүдө айтылгандай, мындай абал тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш.

Алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгон, кээ бир жылдары коюлган план менен өндүрүлгөн алтындын ортосундагы айырма 9 тоннага чейин жеткен учурлар катталган.

Айрым жылдар боюнча мисал келтирсек: 2002-жылы 20 тонна 860 кг өндүрүү пландалган, иш жүзүндө 16 тонна 439 кг өндүрүлгөн. Айырма: 4 тонна 421 кг.

2006-жылы 14  тонна 336 кг өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 9 тонна 442 кг өндүрүлгөн.  Айырма: 4 тонна 894 кг.  

Ал эми 2012-жылы 19 тонна 286 кг өндүрүү пландалган, иш жүзүндө 9 тонна 805 кг өндүрүлгөн. Айырма: 9 тонна 481 кг.

Адистердин эсеби боюнча, рудадагы алтындын аз өлчөмү дагы бир аз убакытка созулушу мүмкүн. Андан ары акырындык менен өсүү темпи башталат.

Мындан тышкары, жер астынан алтын казуу, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорлорун ийгиликтүу ишке ашыруу менен жылына 17-18 тонна алтын өндүрүү пландалууда. 2024-жылы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан 12,5 тонна алтын өндүрүү пландалган.

Учурда алтын казуу иши белгиленген график менен уланууда. 

Маалымат үчүн: “Кумтөр Голд Компанинин” 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешеси пландагы 734,2 млн доллардын ордуна 849,0 млн долларды түздү. Жыл ичиндеги таза кирешеси пландагы 194,0 млн доллардын ордуна 302,4 млн долларды түздү. Салык жана башка төлөмдөр түрүндө республикалык бюджетке 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которду.

error: