Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Франциянын элчиси Николя Файе менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана учурдагы экономикалык маселелерди талкуулады.
Министр Кыргызстан экономикасы туруктуулугун сактап, Франция менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
Талкуунун негизги темаларынын бири – Кыргызстандын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жана эл аралык инвестицияларды тартууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген “Куршавель” долбоору болду.
Франциянын элчиси маданият, энергетика жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыгуусун билдирип, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.