4 миң жумуш орду, 100 компания – Бишкекте бош орундар жарманкесин өттү – ИА Караван Инфо
4 миң жумуш орду, 100 компания – Бишкекте бош орундар жарманкесин өттү

Бишкекте бош орундар жана кесиптер — 2024 жарманкеси болуп өттү, ага Бишкектин 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, Бишкек боюнча эле 4 миңден ашык бош жумуш орду бар.

“100дөн ашык алдыңкы компаниялар өздөрүнүн актуалдуу бош жумуш орундарын сунушташты, ошону менен жарандарга жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кесиптик лицейлер жана окутуунун жеке провайдерлери борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунушташты”, – деди ал.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-интервьюларды өткөрүштү жана жарандар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызматтар боюнча кеңештерди алышты.

Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле каалоочулар өздөрүнүн күчтүү жактарын жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтө алышты, бул аларга келечектеги кесипти тандоодо жардам берет.

Белгилей кетсек, иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө, ошондой эле Бишкек мэриясы, “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” жана Кыргызстандагы DVV International финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

error: