Өткөн жумада Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын ортосунда «Айылды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 21 райондун социалдык инфраструктуралык объектилерин куруу жана капиталдык оңдоону караган макулдашууга кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы 293,5 миллион долларды түзөт. Курулуш Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен жүргүзүлөт. Долбоор 2024-жылдан 2028-жылга чейин төрт жылга созулат.

Жаңы долбоор бюджеттик сектордун объектилерин курууда жана реконструкциялоодо ресурсту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды колдонуу аркылуу айыл элинин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Кеп жол-транспорт инфраструктурасын, инженердик-коммуникациялык тармактарды, электр менен жабдуу системаларын, бала бакчаларды, мектептерди жана айылдык эм-каналарды жакшыртуу жөнунде болуп жатат.
Ошондой эле тиешелүү жашыл, энергияны үнөмдөөчү жана санариптик чечимдерди колдонуу менен айылды өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.