Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 12,25% чейин төмөндөтүлдү – ИА Караван Инфо
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 12,25% чейин төмөндөтүлдү

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. 

“Иш берүүчүлөргө реалдуу эмгек акыны жана өздөрүнүн жалданма кызматкерлеринин санын көрсөтүүгө дем берүү максатында КРнын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 мыйзамы менен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары төмөндөтүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул ченем келечекте татыктуу пенсия менен камсыз кылууүчүн ишкерлерди колдоого жана кызматкерлердин укуктарын коргоого багытталган.

error: