БАЭнин шейхи Шарджа Эмиратынын археологиялык табылгаларынын көргөзмөсүнө катышты — ИА Караван Инфо
БАЭнин шейхи Шарджа Эмиратынын археологиялык табылгаларынын көргөзмөсүнө катышты

Өткөн жумада «Жибек Жолу» эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде (Самарканд) Шарджа Эмиратынан табылган археологиялык табылгалардын көргөзмөсү ачылды.

Эмират – эмир башында турган жана эмирлер кеңеши башкарган мамлекет же ээлик.

Ачылыш аземине Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа Эмиратынын Өкмөтүнүн Аткаруучу Төрагасы шейх Фахим бин Султан Аль Касими жана Өзбекстан Республикасынын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министри Азиз Абдухакимов катышты.

«Шарджанын байыркы тарыхы бар. Бул аймактан көптөгөн экспонаттар табылган. Бул табылгалардын 80 пайызы Өзбекстанда биринчи жолу көргөзмөгө коюлганы маанилүү. Көргөзмөдө Арабстан менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин тарыхына, ошондой эле Шарджа эмирлигинин неолит доорунан исламга чейинки мезгилине тиешелүү 170тен ашык археологиялык табылгалар коюлган», — деп белгиледи А.Абдухакимов.

Өз кезегинде шейх Фахим бин Султан Аль Касими Өзбекстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын тарыхы жана маданияты бири-бирине абдан жакын экенин айтты.

«Бул табылгалардын баары биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен байланышыбызды көрсөтүп турат, бул тарыхый табылгаларды изилдөө менен биз алардын маданий мурастар үчүн кандай мааниге ээ экенин көргүбүз келет», — деди шейх Фахим бин Султан Аль Касими.

error: