Казакстандын өкмөтүндө аймактардагы техникалык жана кесиптик билим берүү объектилерин профилдөө боюнча жыйындар өттү.

Республикада орто звенодогу кадрларды жана жумушчу багыттары боюнча адистерди даярдоого талаптын жогорулашы байкалды. Мындай өсүш өлкөдө көп сандагы инвестициялык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу менен шартталган.
«Техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдары биринчи кезекте регионалдык эмгек рыногунун суроо-талабына көңүл бурушу керек. Педагогикалык кадрларга, материалдык-техникалык базага жана билим берүү программасынын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. “Жас Маман” долбоорунун алкагында бир катар колледждердин базасы чыңдалды. Ар бир аймакта алдыңкы билим берүү базалары бар. Алар колдоочу колледждер жана компетенттүүлүк борборлор катары башкаларга да колдоо көрсөтүшү керек», — деп белгиледи Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Тамара Дүйсенова.
Т.Дусеинова төрагалык кылган иш-чаралардын алкагында ар бир облустун алгылыктуу тажрыйбасы изилденип, кийин аны башка тармактарда да колдонууга болот.
«Техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарындагы алдыӊкы тажрыйбаны кеңири жайылтуу керек. Билим берүү министрлиги бул ишти такай көзөмөлүндө болушу керек… Керектүү кадрларды даярдоого иш берүүчүлөрдү тартуу зарыл», — дейт Т.Дүйсенова.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий маалымат булагы