Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен биргеликте Concrete Canvas (компания курулуш материалдарын чыгарат) ишканасынын продукциясын карап чыкты. Жакында Кыргызстанда Concrete Canvas заводун куруу пландалууда.

Жаңы өнөр жай объектисин куруу боюнча макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрация башчысы Акылбек Жапаровдун былтыр Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген. Иш сапарынын алкагында А.Жапаров «Concrete Canvas» ишканасынын жетекчиси Уилл Кроуфорд менен жолугушту.
Компаниянын продукциясы Кыргызстанда кеңири суроо-талапка ээ болору күтүлүүдө. «Concrete Canvas» ирригациялык жана гидротехникалык курулуштарга, калдык сактоочу жайларга төшөлгөн композиттүү бетон полотносун чыгарат, материалдын сууга туруктуулугу жогору. Ошону менен бирге продукциянын бир бөлүгү Россия Федерациясына жана Өзбекстан Республикасына экспорттолушу күтүлүүдө.
«Кыргызстан боюнча каналдардын узундугу 30 миң чакырымды түзөт, анын ичинен жалпы узундугу 11 миң чакырымды түзгөн каналдарда бетон полотно бар. Бул каналдарга бетон жабуу менен суунун ысырап болушуна жол бербей, анын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздай алабыз. Кыргызстан агрардык мамлекет, айдоо жерлер көп, ошондуктан биздин өлкө бул материалдарга абдан муктаж. Ишкананын заводун жакынкы аралыкта Ош облусунда ачуу пландалууда. Кыргыз тарап инвестиция тартууга кызыккан ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, маселелерди ыкчам чечет”,-деди министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаев.