Акылбек Жапаров “Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” Улуттук форумуна катышты — ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров “Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” Улуттук форумуна катышты

Кыргызстанда “Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” улуттук форуму өттү.

Бул иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, «бүгүнкү күндө инновациялык экономикада интеллектуалдык менчик социалдык-экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү жана инвестицияларды тартууга айланууда… Интеллектуалдык менчиктин экосистемасын өнүктүрүү, анын ичинде рынок инфраструктурасын калыптандыруу, Экономиканын реалдуу секторунда инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу механизмдери маанилүү».

Ошондой эле А.Жапаров Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары тууралуу айтып, Кремний өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн ачылышын жана Кыргызстандагы мектептердин биринин базасында Google мектеп долбоору ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

«Интеллектуалдык менчик жана инновация улуттук экономиканын өсүшүнүн кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат. Жасалма интеллект, кванттык эсептөө, робототехника жана башкалар сыяктуу жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу өлкөбүздүн келечек муундары үчүн жаңы чакырыктарга айланууда. Мен Форумдун катышуучуларына көбүрөөк креативдүү ой жүгүртүүнү, ошондой эле кызыктуу жана жемиштүү талкууларды каалайм», — деди Акылбек Жапаров.

error: