Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Евробиримдиктин Кытай менен кызматташууну коркунуч катары караганы туура эмес деп билдирди. Ал Будапешт менен Пекиндин ортосундагы өз ара пайда келтируучу жогорку мамилелерди мисалга келтирди.

Сийярто Кытай менен кызматташуу коркунуч эмес, тескеринче чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Анын айтымында, бул Венгриянын экономикасын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк. Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Будапешт Евробиримдиктин Пекин менен экономикалык байланыштарды татаалдаштырган ар кандай аракеттерине каршы экенин баса белгиледи.

Сийярто ошондой эле венгриялык компаниялардын кытай рыногуна кирүүсүнө Кытай өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Будапешт менен Пекиндин ортосундагы мамилелер мындан ары да өнүгө берет, деп корутундулады.