Шри-Ланка БРИКСке кирүүгө ниеттенип жатканын өлкөнүн Орусиядагы элчиси билдирди — ИА Караван Инфо
Шри-Ланка БРИКСке кирүүгө ниеттенип жатканын өлкөнүн Орусиядагы элчиси билдирди

Шри-Ланканын Орусиядагы элчиси Жанита Абейвикрема Лиянаж 24-апрелде Шри-Ланка БРИКС+ уюмуна кошулууну пландап жатканын айтып, бул өлкөнүн транспорт жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп эсептейт.


Дипломат ошондой эле Шри-Ланканын делегациясы Санкт-Петербургда Орусиянын Коопсуздук кеңеши уюштурган эл аралык коопсуздук конференциясына катышып жатканын белгиледи.

Буга чейин Вьетнам БРИКСке кирүү маселесин изилдеп жатканы жана Индонезия бул мүмкүнчүлүктү карап жатканы кабарланган. Кытайдын Орусиядагы элчиси буга чейин 30дан ашык өлкө БРИКСке кошулууга даяр экенин билдирген.


БРИКС- бул 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме болуп саналат жана Бразилия, Россия, Индия, Кытай, андан кийин Түштүк Африка Республикасы кошулуп, 2024-жылы дагы бир нече мамлекеттер кошулууну пландаштырууда.

Сүрөт: БРИКСтин расмий порталы

error: