Ушул жуманын башында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алды.

Британиянын тышкы иштер министри Борбор Азияга жасаган сапарынын алкагында келген биринчи өлкө Тажикстан.
«Биз Улуу Британияны Батыш Европадагы маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Биздин өлкө Королдук менен көп кырдуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң көңүл бурат», — деп белгиледи Э.Рахмон.
Д.Кэмерон өз кезегинде Тажикстан менен Улуу Британиянын ортосундагы көп кырдуу мамилелердин кеңейип жатканын, мындан ары өнүктүрүүнүн жакшы перспективаларын белгиледи.
Тараптар саясий, экономикалык, соода жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эмгек миграциясынын көйгөйлөрүн жана республиканын суу-климат тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору сунушталды. Жолугушуунун катышуучулары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын ачуу маселесин да талкуулашты.
Эки мамлекеттин өкүлдөрү Тажикстандын тоо-кен, металлургия, жеңил, тамак-аш, фармацевтика жана айыл чарба тармактарына инвестиция тартуунун келечегин карап чыгышты.
«Жашыл энергетика» жана «жашыл экономикага» өтүү темасы өзүнчө козголду.