Конго Демократиялык Республикасы Apple компаниясын өндүрүшүндө “мыйзамсыз” минералдарды колдонгон деп айыптады.
Конго Демократиялык Республикасы америкалык Apple компаниясын Конгодогу шахталардан “мыйзамсыз” казылып алынган пайдалуу кендерди колдонууда адам укуктарын бузган деп айыптады. Бул маалыматты Франс Пресс агенттиги расмий документтерге таянуу менен билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, ушул жумада Конго Демократиялык Республикасынын өкмөтү өзүнүн юристтери аркылуу Apple компаниясынын Франциядагы эки филиалына мүмкүн болгон соттук териштирүүлөр алдында расмий алдын ала билдирүү жөнөткөн. АКШдагы башкы компанияга да кат жөнөтүлгөн.
«Конго мамлекети Apple компаниясын адам укуктарынын бузулушу кеңири жайылган Конгодогу шахталардан мыйзамсыз түрдө алынган минералдарды өз продукциясында колдонгону үчүн айыптайт», — деп билдирет агенттик.