Бажы кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңип алды
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, бажы кызматынын капитаны Адилет Тилавалдиев WPC/AWPC/ WPCO/A-WPSO/WAO версиясы боюнча өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңип алды.
Бажы кызматынан кабарлашкандай, биринчилик 25-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.
Адилет Тилавалдиев 75 килограммга чейинки салмак категориясында жаткан абалынан штанга көтөрүү дисциплинасында күч сынашкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/