Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) майыптыгы бар адамдар (ДМЧА) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген категорияга киргизилгенин жана бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан (ҮМБ) жана мамлекеттик көп профилдүү стационарлардан акысыз алаарын эскертет.
ҮМБда акысыз кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
– дарыгердин консультациясын жана дайындоосун;
– эмдөөнү;
– ийне саюуну (дарыларды жана шприцтерди бербестен);
– лабораториялык изилдөөнү;
– физиотерапия жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү;
– күндүзгү стационарда дарыланууну (дарыны, системди жана шрпицтерди бербестен).
Бул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
– жашаган жери боюнча ID-картасы менен үй-бүлөлүк дарыгерге катталууну;
– жеңилдик статусун (КР МСЭК) ырастаган документтин болушун;
– изилдөөгө берилген дарыгердин жолдомосу.
Медикаменттерге жана изилдөөлөргө жеңилдетилген шарттар
ДМЧА бекитилген тизмеден дарыларга төмөнкүдөй арзандатууларды ала алышат: бронхиалдык астма жана терминалдык стадиядагы онкология сыяктуу өнөкөт ооруларга каршы дары-дармектерге 90%га чейин жана башка ооруларга 50%га чейин. Ошондой эле УЗИге жана рентгенге 50%га чейин арзандатуу каралган.
Мамлекеттик стационарларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр
ДМЧА жылына эки жолу кошумча акы төлөбөстөн ооруканага жаткырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кечиктирилгис жардам акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле дары-дармектер, анализдер жана наркоз астында операциялар менен камсыз кылуу да каралган.
Өтө маанилүү! Дарыгердин жолдомосу же жеңилдигин ырастоочу документи жок учурда кызмат көрсөтүүлөр ҮМБда баалардын прейскуранты боюнча/ стационарда максималдуу белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
Эгерде суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген “113 ишеним телефонуна” чалыңыздар. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/