Германияда саясий кризис башталды: Социал-демократиялык партияны (СДПГ), эркин демократиялык партияны (СвДП) жана “Союз 90/Жашылдарды” бириктирген коалиция ыдыраганын жарыялады. Канцлер Олаф Шольц 2025-жылдын 15-январында анын өкмөтүнө ишеним көрсөтүү маселесин Бундестагда добушка койорун билдирди. Ийгиликсиз добуш берүү 2025-жылдын мартында боло турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого алып келиши мүмкүн.

Шольц жана вице-канцлер Роберт Хабек кризисти тез арада чечүү зарылдыгына макулдугун билдиришти. Рождествого чейин Шольц парламентке саясий өзгөрүүлөрдүн шартында экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өнөр жайды чукул колдоо жана пенсиялык системаны турукташтырууга багытталган негизги мыйзам долбоорлорун киргизүүнү көздөп жатат.
Бул контекстте канцлер СДПГ нын лидери, каржы министри Кристиан Линднерди кызматтан алуу чечимин кабыл алды. Линднер өз кезегинде коалициянын тарашы үчүн жоопкерчиликти Шольцка жүктөп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон учурда Эркин демократтар лидерликти колго алууга даяр экенин айтты.
Белгилей кетсек, Германияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өкмөт ишеним добушун жоготкон өзгөчө учурларда өткөрүлөт. Бул учурда, федералдык президент канцлердин өтүнүчү боюнча 21 күндүн ичинде парламентти таркатышы мүмкүн.
Сүрөт: bundeskanzler.de