Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматы боюнча, президенттик шайлоодо бюллетендердин 95% иштелип чыккандан кийин азыркы президент Майя Санду алдыда келе жатат. Анын атаандашы, социалисттер партиясынын өкүлү Александр Стояногло добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыгы боюнча кыйла төмөн.

Шайлоо участкалары жабылган учурда БШК шайлоочулардын 54% түзгөнүн жарыялаган, ал эми шайлоого 1,5 миллиондон ашык шайлоочу катышкан. Белгиленгендей, жарандык активдүүлүк өлкөнүн ичинде да, тышында да жогору болгон: Москвада жүздөгөн молдовандар өз талапкерин колдоо үчүн элчиликтин алдындагы шайлоо участкасында тизилип турушкан.
Шайлоо күнү Молдованын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Орусиянын оппозициялык талапкерди колдоого багытталган “масштабдуу кийлигишүүсү” тууралуу билдирди. Өз кезегинде 20 — октябрда өткөн биринчи турда Санду 42% добуш алса, Стояногло 26% добуш алган. Ошол эле күнү өткөн референдумда Молдованын жарандары да 50,3% добуш менен евроинтеграцияны колдоп, Европа Биримдигине кирүү ниетин билдиришкен.
Сүрөт: Виктор Могылдя, Коммерсантъ