
Май айынын башында Душанбеде “Борбор Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана жалпы гүлдөп өнүгүү мейкиндиги” деген темада конференция өттү.
Иш-чаранын уюштуруучулары – Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана ШКУнун Тажикстандагы достук жана кызматташтык борбору.
Конференциянын катышуучуларына Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми, ШКУнун башкы катчысы Чжан Минг жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Даврон Сафарзода куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Ошондой эле, Тажикстандын ШКУ иштери боюнча улуттук координатору Ахмад Саидмуродзода, ШКУнун башкы катчысы (2016-2018) Рашид Алимов, ЮНЕСКОнун башкы директору (2009-2017) Ирина Бокова, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин элчилери, Тажикстандагы байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр докладары менен чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Шанхай кызматташтык уюмун түзүү идеясы 2000-жылдын июль айында Шанхай бешилтигинин акыркы саммитинде Душанбе шаарында жаралганы айтылды. 2021-жылдын 16-17-сентябрында Душанбе шаарында өткөн ШКУнун 20 жылдыгын белгилөө учурунда уюмга мүчө-мамлекеттердин лидерлери да бир добуштан Борбор Азия ШКУнун өзөгү деп чечишкен.
Конференциянын жүрүшүндө Т.Сатторов атындагы Тажик улуттук консерваториясынын «Борбордук Азиянын сыйкырдуу күүлөрү» аттуу концерттик программасы тартууланды.