Гватемаладагы жер титирөө — ИА Караван Инфо
Гватемаладагы жер титирөө

Гватемалада күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкө кызматтарынын маалыматы боюнча, жолдордо жана ооруканаларда анча-мынча кыйроолор катталган.

Улуттук сейсмология институту билдиргендей, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:39да (Москва убактысы боюнча 14:39) 12,8 чакырым тереңдикте катталган. Улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттиги да өлкөнүн түштүк-батышындагы Сан-Маркос шаарындагы оорукананын жабыркаганын жана жолдо таш кулаганын белгиледи.

error: