Сергей Шойгу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы болду — ИА Караван Инфо
Сергей Шойгу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы болду

Орусиянын президенти Владимир Путин Сергей Шойгуну Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына дайындады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Николай Патрушев аталган кызматтан “башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу” бошотулган, бирок анын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн конкреттүү багыты айтылган эмес.

2012-жылдын 6-ноябрынан бери Орусиянын коргоо министри болуп иштеген С.Шойгу кызматынан кетип жатканы буга чейин белгилүү болгон. В.Путин мурдагы биринчи вице-премьер-министр, экономист Андрей Белоусовду коргоо департаментинин жаңы башчысы кылып дайындоону сунуштады.

Сүрөт: https://er.ru/person/62a3fd77-d8e1-4663-8f45-36cf0679c905

error: