Бажы кызматкерлери озонду бузуучу заттардын импортуна каршы туруу боюнча окуудан өтүштү – ИА Караван Инфо
Бажы кызматкерлери озонду бузуучу заттардын импортуна каршы туруу боюнча окуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасынын аймагына озонду бузуучу заттарды жана гидрофторкөмүртектерди алып келүү, алып чыгуу жана транзит» деген темада окуу семинарлары өткөрүлдү.

Семинарды Кыргызстандын озон борборунун кызматкерлери өткөрүштү.

2024-жылдын 19-ноябрында «Адистештирилген окутуу» бажысында семинарга 22 бажы кызматкери катышты. 22-ноябрда тренинг Ош бажысынын базасында өтүп, мында «Ош» бажысынын, «Жалал-Абад» бажысынын жана “Баткен» бажысынын 24 кызматкери окуудан өтүштү.

Курстун катышуучулары төмөнкүдөй маселелерди окушту:

Бул иш-чаралар айлана чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык ченемдерди жана стандарттарды сактоону камсыз кылуу үчүн бажы органдарынын кызматкерлеринин потенциалын бекемдөөгө жардам берет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: