Түркияда иштеген кыргызстандыктар пенсия ала алышат
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 303 суроо-талап жиберилген, 302 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.
Келишимдин алкагында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 1 жаранына пенсия чектеди (пенсиянын суммасы 490 түрк лирасы).
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/