Кыргызстанда электрондук китепканаларды түзүүнүн келечеги талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда электрондук китепканаларды түзүүнүн келечеги талкууланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова бүгүн өлкөнүн бардык облустарынын китепканаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө китепканалардын жетекчилери 2024-жылдагы ишмердүүлүктөрү тууралуу отчет беришип, жетишкендиктери жана китепкана тармагында негизги көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда китеп фонддорун жаңылоо, жаштар арасында китеп окууну популярдаштыруу жана санарип технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган жылы жетишилген негизги ийгиликтердин катарына төмөнкүлөр кирет:

Министрдин орун басары китепканаларды өнүктүрүүгө стратегиялык мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Китепканалар – бул китептердин сактоочу жайы гана эмес, билим берүү жана маданий борборлор. Алар жеткиликтүү жана заманбап мейкиндиктерге айланып, бардык курактагы адамдарды шыктандырып, билим берүү милдетин аткарышы керек”, – деди ал. 

Мындан тышкары, 2025-жылга карата китепкана ишин өнүктүрүү боюнча келечекке пландар талкууланды, анын ичинде:

Гүлбара Абдыкалыкова китепканалардын жетекчилерине өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик китепкана системасын чыңдоого жана анын өлкөнүн маданий жана коомдук жашоосундагы маанисин жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: