Бишкекте «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү – ИА Караван Инфо
Бишкекте «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү

Бишкектеги «Диалог» маданият үйүндө 26-ноябрда «Насыйкат»  элдик ансамблдин 10 жылдык мааракесине арналган «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Ансамблдин чыгармачыл жамааты ата-бабалардын бай маданий мурасын улуттук мотивдерге жана кыргыз маданиятынын терең символдоруна бай музыкалык жана театрлаштырылган көрсөтүү аркылуу аткарып беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында куттуктоо сөзү менен Маданият башкармалыгынын орун басары Абсамат Акунов чыгып сүйлөдү. Ал «Насыйкат» ансамблинин улуттук салттарды сактоого жана жайылтууга кошкон салымын баса белгилеп, көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ансамблга Ардак грамота тапшырды.

Акыркы 10 жылдын ичинде «Насыйкат» ансамбли шаардын маданий турмушунун маанилүү бөлүгү болуп, элдик чыгармачылыкты сүйүүчүлөрдү бириктирип, жаңы муундарды Кыргызстандын маданий мурастарын таанууга шыктандырды.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу тууралуу Жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: