Кырызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Борисович Карасин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогдун жогорку динамикасы, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү деңгээлинде, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоо жана кеңейтүү боюнча иштер улантылып жатканы белгиленди.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалы боюнча маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин учурдагы жана келечектеги иш-чаралары боюнча пикир алмашып, үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/