Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Австриянын Andritz Hydro компаниясы кызматташат. Тиешелүү меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Австрияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документке энергетика министри Ибраев менен Andritz Hydro компаниясынын башкы директору Фредерик Саузе кол койду.
Эки тараптуу кол коюлган документтин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.
Маалымат катары: Компания 1852-жылы негизделген жана Австриядагы Грац шаарынын аймактарынын биринин атын алат. Дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан кайра жаралуучу энергия рыногунда электромеханикалык жабдууларды жана гидроэлектростанцияларды тейлөө боюнча дүйнөдөгү алдыңкы сатуучулардын бири. 185 жылдык тажрыйбага жана дүйнө жүзү боюнча орнотулган жабдууларга таянуу менен компания жаңы жана иштеп жаткан гидроэлектростанциялар үчүн чакан ГЭСтерден ири ГЭСтерге чейин инновациялык чечимдерди сунуштайт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/