Ленин районунун аймагында Новопавловка жана Орок МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.
Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы “Ат-Башы” мектеп-лицейинде 3 – 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.
Ленин муниципалдык администрациясы менен “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн.
Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/