Өзбекстанда БУУнун Аялдар уюмунун өкүлчүлүгү ачылат

14-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Аялдар боюнча аткаруучу директору Сима Сами Бахус жетектеген БУУнун делегациясы менен жемиштүү жолугушуу өткөрдү.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар түзүмдүн Өзбекстанда өкүлчүлүгүн ачууну колдоого басым жасашты. Өкүлчүлүк ачуу чечими Азия аялдар форумунун программасынын алкагында кабыл алынган. Өзбекстандын өкүлдөрү Форумдун жыйынтыгын жогору баалап, Азия чөлкөмүндөгү аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын кеңейтүү үчүн орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу программасын иштеп чыгуу зарылдыгын моюнга алышты.
Фото: Өзбекстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы