Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева күн мурун Баткен облусуна иш сапары менен барды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы менен облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров баштаган жетекчилер жолугуп, облустагы адам укуктарынын корголушу, жарандар көп кайрылган көйгөйлөрдү чечүү аракеттери боюнча сүйлөшүштү.
Акыйкатчы бул күнү Баткен облусунун тургундары менен да жолукту.
Жолугушууга жергиликтүү бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, жарандар тарабынан берилген суроолорго жеринде жооп берилип, бир топ маселелердин чечилүүсүнө шарт түзүлдү.
Тургундар көбүнчө турак жай үчүн жер алуу, этникалык кыргыздар кайрылман статусун жана кыргыз жарандыгын алуу, медициналык акысыз кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетүү, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө жеңилдиктерди кароо өтүнүчтөрү менен кайрылышты.
Жамиля Жаманбаева жергиликтүү жетекчилерди жарандардын укуктук жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырып, жыйында айтылган маселелер боюнча Акыйкатчы институту иш алып барарын айтты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/