Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды – ИА Караван Инфо
Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган базанын командири Ж.Э.Ш. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, камакка алынды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: