Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп кабарлайт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 11 социалдык объект (клубдар, сейил бактар, суу мунаралары, милиция бөлүмүнүн имараты, медимарат ж.б.) мамлекеттин балансына кайтарылды.
1998-2006-жылдар аралыгында аталган объектилер жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 120 миллион 130 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген объекттер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/