Кыргызстан менен Түркия тери иштетүүчү ишкана түзүү маселесин талкуулашты – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Түркия тери иштетүүчү ишкана түзүү маселесин талкуулашты

2024-жылдын 27-ноябрында Стамбул шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаева Түркиянын булгаарычылар ассоциациясынын (TDSD) жетекчиси Мухиттин Савраноглу менен.

Жолугушуунун жүрүшүндө булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүү боюнча кызматташтыкты чыңдоо перспективалары, анын ичинде тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Төрөбаевдин Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакыруусун тапшырды. Ал ошондой эле Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстан ЕАЭБ, Евробиримдик жана Кытайдын рынокторуна чыгуу үчүн экспорттук аянтча катары берип жаткан артыкчылыктарды баса белгиледи.

Кыргызстанда бодо малдын жана койдун терисин кайра иштетүүчү заманбап заводду куруунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү долбоор Түркиянын булгаары бирикмесинин кароосуна берилди.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана белгиленген демилгелерди ишке ашыруу үчүн диалогду улантууга макулдашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: