Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесине жаңы керебеттер берилди – ИА Караван Инфо
Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесине жаңы керебеттер берилди

Майыптардын Эл аралык күнүн утурлай «Аль-Умма” коомдук фонду тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 85 ортопедиялык матрастары бар жаңы керебеттер берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бул колдоо жана кам көрүү мекемеде кызмат алган балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, алардын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: