Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев экономикадагы мамлекеттик сектордун үлүшүн кыскартууга жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган “Экономиканы либералдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу казак лидеринин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жарлыкта Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигине караштуу Улуттук менчиктештирүү кеңсесин түзүү каралган. Бул уюм мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн критерийлерин иштеп чыгып, менчиктештирүү үчүн объекттердин тизмесин түзөт. Корпоративдик башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында «Самрук-Казына» Улуттук бакубат Фонду» ААК жана анын бөлүмдөрүнүн көз карандысыздыгын жана башкаруунун сапатын жогорулатуу да каралган.
Мындан тышкары, жарлыкта жөнгө салуу саясатын жөнөкөйлөтүү, бизнести ачуу жол-жоболорун либералдаштыруу жана керектөөчүлөрдүн коммерциялык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн санариптештирүү менен кошо продукция рыногунда атаандаштыкты стимулдаштыруу чаралары камтылган. Мындан тышкары, Казакстандын стандарттары боюнча долбоордук-сметалык документацияларды иштеп чыгуусуз объекттерди курууда эл аралык стандарттарды колдонуу каралган.
Документте ошондой эле ишкерликтин укуктарын коргоону күчөтүү жана экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштуулукту декриминалдаштыруу боюнча чаралар да көрсөтүлгөн. Жарлыктын аткарылышы жеке ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт, деп белгиленет Казакстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы.