Казакстандын президенти Словакиянын премьер-министрине кол салууну айыптады
Казакстандын башчысынын басма сөз кызматы Президент Касым-Жомарт Токаев Словакиянын премьер-министри Роберт Фиконго кол салуу аракетин айыптап, бул террордук актка катуу кыжырданганын билдирди.

Премьер-министр Р.Фико Словакиянын борбор шаарынан 190 километр алыстыкта жайгашкан Гандлова шаарында өкмөттук заседаниеден кийин дароо эле кол салууга учураган. Бул окуядан улам өкмөт башчы көкүрөгүнөн жана курсагынан алган октон жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Сүрөт: https://www.akorda.kz/ru/events