Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Словакиянын премьер-министрине кол салууну айыптады
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Словакиянын премьер-министри Роберт Фиконго жасалган кол салууну айыптап, Орусиянын аны дос катары тааныганын жана анын тезирээк сакайып кетишин кааларын баса белгиледи.

Окуя Братиславадан 190 чакырым алыстыкта жайгашкан Гандлова шаарында өкмөттүк жыйындан кийин болгон. Өлтүрүү аракетинен кийин Р.Фико оор абалда тик учак менен тез арада ооруканага жеткирилген.
Сүрөт: https://mid.ru/ru/foreign_policy/news/1950737