Бүгүн Дүйшөмбү шаарында өнөр жай кооперациясын бекемдөөгө жана инновациялык жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган «Digital Tajikistan» эл аралык форуму биринчи жолу өттү.
Форумду Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Инновациялар жана санариптик технологиялар боюнча агенттиги жана Тажикстандын Улуттук банкы уюштурган. Анын ишине 26 өлкөдөн 1000ден ашуун алдыңкы компаниялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Форум Тажикстандын мамлекеттик инфраструктураны, финансылык кызматтарды санариптештирүү жаатындагы потенциалын көрсөтүүгө, ошондой эле санариптик индустрияны жана сооданы өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.
Форумдун алдында Инновациялар жана санариптик технологиялар агенттиги Тажикстандын Инновация жана санариптештирүү жумалыгын уюштурган.
Форумдун максаты санариптик технологияларды өлкөнү санариптештирүүнүн маанилүү элементи катары жайылтуу, электрондук кызматтарды жана электрондук өкмөттү өнүктүрүү, ошондой эле жаңы технологияларды, анын ичинде финтех, киберкоопсуздук жана жасалма интеллектти колдонууну жайылтуу болуп саналат.
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон: «Азыркы заман бардык экономикалык жана тейлөө процесстери маалыматтык инфраструктурага негизделген санариптик жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүшүн талап кылат» деп баса белгилейт.
Форумдун жүрүшүндө эксперттер менен жолугушуулар өткөрүлүп, санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча баяндамалар берилди.
Сүрөт: ачык булактардан