Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада 3-орунду ээледи – ИА Караван Инфо
Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада 3-орунду ээледи

Кыргызстандык окуучу табигый илимдер боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-12-декабрында Ленкорань шаарында (Азербайжан) өспүрүмдөр арасындагы табигый илимдер боюнча “Таланттарды даярдоо лабораториясы – 2024” VII эл аралык олимпиадасы өтүүдө.

Долбоор Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Олимпиадага Азербайжан, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстандын жана Беларусь Республикасынын мектеп окуучулары катышууда.

Олимпиаданын күндүзгү туру 3 предмет – физика, химия жана математика боюнча тапшырмалардан турат.

Олимпиаданын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкек шаарындагы № 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу Султан Мусаходжаев 3-орунду ээледи.

Окуучунун машыктыруучусу – математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: