Батыш-Казакстан облусунун акиминин орун басары Тлепберген Каюповдон алынган маалыматка караганда, селден келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комиссиялардын ишинин алкагында жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге турак жай куруу иштери кызуу жүрүп жатат.
Тлепберген Каюповдун айтымында, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен облуста 1497 турак жай жабыркап, анын ичинен 456сы мындан ары жашоого жараксыз деп табылган. Эң көп зыян тарткандар Каратөбин, Теректин, Байтерек жана Борлин райондору. Жацы турак-жайларды куруучу жерлер аныкталды. Жабыркагандарга керектүү жардамдарды көрсөтүп, жергиликтүү ишканалар курулуш иштерин башташты.

Учурда жабырлануучулар да 100 МРП өлчөмүндө бир жолку социалдык жардам алышат, бул 369,2 миң теңге. Жабыркаган аймактардын калкына бөлүнгөн социалдык жардамдын жалпы суммасы 2,4 миллиард теңгени түзөт.
Облус акиминин орун басары селден үй-мүлкү жабыркаган дачалардын тургундарына да жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Техникалык кызматтар текшерүү иштерин жүргүзүп, келтирилген зыянды баалоодо, андан кийин кошумча жардам көрсөтүү маселеси чечилет. Дачалык аймактардын 8500 тургуну жардам сурап кайрылса, анын 2500ү үй-жайсыз калганы айтылды.
Батирлерди сатып алуу жана жаңы үйлөрдү куруу маселеси жекече каралат. Бийликтин күч-аракети облустун жабыр тарткан тургундарынын кызыкчылыгы үчүн бул кырдаалды тез жана натыйжалуу чечүүгө багытталган.
Сүрөттө: Батыш Казакстан облусунун акими