16-майда Ош облусунун Алай районунун борбордук стадионунда жаркын окуя – «Айыл кечи» жарманкеси болуп өттү. Ачылыш аземге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов, Швейцариянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер, ошондой эле облустун акими Чыегыз Бапаев катышты.

Иш-чарада 7 боз үй тигилип, келген коноктор Алай районунун маданияты, улуттук өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты. Ошондой эле мал чарбаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, Алай жана Чоң-Алай райондорунун ишкерлери мал чарбачылыгындагы жетишкендиктерин тартуулашты.
Иш-чаранын өзгөчө учурларынын бири кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болду. Жарманкенин катышуучулары салттуу кийимдердин түрлөрүн тартуулашып, анын ажайып оймо-чиймесин жана түсүн көрсөтүштү. Көрсөтүү кыргыз маданиятынын кооздугун жана өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана болбостон, улуттук мурастарды сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Алай районундагы «Айыл кечи» жарманкеси мындан ары да конокторду ар түрдүү иш-чаралары жана улуттук маданияттын белектери менен кубандырып, таң калтырат.