Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрахимдин 15-16-май күндөрү болгон Кыргызстанга болгон расмий сапары ийгиликтүү аяктады, деп билдирди КР президентинин басма сөз кызматы.
Иш сапардын биринчи күнүндө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуусу болду. Сапардын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр жүрүп, анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы багыттарын жана келечегин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү боюнча чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы Малайзиянын Премьер-министринин иш сапары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыктын жана достуктун тарыхына олуттуу салым кошот деп ишенерин билдирди. Өз кезегинде Анвар Ибрагим эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өркүндөтүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө» кол коюлуп, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө расмий түрдө билдирүү тапшырылды.
16-майда Президент менен Премьер-министр Ала-Арча жаратылыш паркындагы этномаданий программага барышып, Кыргызстан менен Малайзия элдеринин ортосундагы пикир алмашууну жана достук мамилелерди чыңдоону улантышты.
Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы