
16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев калкты балык азыктары менен камсыздоо боюнча орчундуу маселени көтөрдү. Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Кубат Касеинов өткөн жылы 33 миң тонна балык азыктары өндүрүлгөнүн, ал эми муктаждык 60 миң тонна экенин билдирди.
«Жакынкы 2-3 жылда калкыбызды балык азыктары менен толук камсыз кылууну пландап жатабыз», — деди министрдин орун басары.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Аквакультура, балык чарбасы жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле “Синтетикалык балык уулоочу торлорду ташып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга, электр балык уулоо системалары Кыргыз Республикасынын аймагындагы тыюу салуу» жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп табуу боюнча сунуштар каралды. Мындай кадамдар калкты керектүү ресурстар менен камсыз кылуу үчүн өлкөдө балык чарбаны жана аквакультураны өнүктүрүүнү колдоого багытталган.